Украина. Юлия Тимошенконун жаңы чач жасалгасы интернетте кызуу талкууга алынды

Кечээ, 23-майда Украинада өткөн теледебатка президенттикке талапкерлер Юлия Тимошенко, Сергей Тигипко жана Валерий Коновалюк келип катышты. Алар өз позицияларын айтып жатышкан учурда, интернет айдыңында алардын сүйлөгөн сөздөрү эмес, Юлия Тимошенконун чач жасалгасы кызуу талкууга алынган. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Юлия Тимошенко теледебатка 1960-жылдардагыдай чач жасалга менен, үстүнө ак кофта кийип келген. Тырмагына француз маникюрун жасатып алган. Айрымдар анын чач жасалгасын "Бабетта идёт на войну" тасмасындагы каармандыкына окшоштурушуп, "Бабеттанын модасы 2014-жылы Украинага келди" дешкен.

Теледебаттан кийин журналисттер башка саясатчыларга караганда Юлия Тимошенкого суроолорду жаадырышкан. Анын сылтып басып жүргөнүн байкаган журналисттердин бири ага "Ден соолугуңуз кандай?" деген суроо узаткан. Ага Тимошенко кыска гана "рахмат, жакшы" деп жооп узаткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан