Жылнаама, 25-май: Мындан 89 жыл мурун Кара-Кыргыз автономиялык облусу Кыргыз автономиялык облусу болуп өзгөртүлгөн

* 1957-жылдын 25-майында мурдагы тышкы иштер министри, саясатчы Аликбек Жекшенкулов Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1992-1995), 1-класстагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчи (1996) Аликбек Жекшенкулов 1980-жылы Украина айыл чарба академиясын токой чарба инженери адистиги боюнча бүткөн. Ал 1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, 1995-жылдан 1-орун басары болгон.
* Мындан 89 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1925-жылы, Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитетинин токтомуна ылайык, Кара-Кыргыз автономиялык облусу Кыргыз автономиялык облусу болуп өзгөртүлгөн. 
* Мындан 23 жыл мурун 25-майда "тамашоучу" Кубанычбек Курманбеков Бишкек шаарында туулган. Борбордогу №77-мектепти бүтүргөн соң КОСУнун архитектура факультетине тапшырган.
Кубанычбек Курманбеков алгач "Кg 77" командасында ойноп, кийин команда "Ак-Өргө Сity" менен бириккенде ал команданын атынан чыга баштаган. 
Кубанычбек өзүн актёр катары да сынап, "Пентхаус", "Браво!", "До+Фа", "До+Фа-2" тасмаларында роль жараткан.
* 2003-жылдын 25-майында Токио шаарында өткөн "Лапута" мультипликациялык фестивалында советтик жана орусиялык сүрөтчү-мультипликатор Юрий Норштейндин "Тумандагы кирпи" фильми "Бардык замандын жана бардык элдин мыкты мультфильми" деп табылган. 
25-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан