Украинада бүгүн, 25-майда президенттик шайлоо өтөт. Жарышка 21 талапкер ат салышат. Алдын ала сурамжылоонун негизинде шайлоодо эки талапкер алдыга озуп чыгары айтылууда. Алар: өлкөнүн экс-премьер-министри Юлия Тимошенко жана миллиардер Пётр Порошенко. Эгерде талапкерлер шайлоочулардын добушунун 50 пайызына ээлик кыла алышпаса, шайлоонун экинчи туру өткөрүлмөкчү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү шайлоого 35,5 миллион киши катышат, 213 шайлоо округу бар. "Луганск, Донецк Элдик Республикаларында" шайлоо участкалары ачылбай турганын аталган өлкөлөрдүн бийлиги билдирди.
Шайлоо участкалары саат 8:00дө (Бишкек убактысы боюнча 11:00дө) ачылып, кечки 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча 23:00) жабылат.