Кыргызстандын чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жыйыны Бишкекте 24-майда өттү. Жыйынды вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектеп, анда кыргыз-өзбек чек ара келишиминин долбоору боюнча эки тараптын өкмөттүк комиссияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы талкууланды. Чек ара аймактарындагы суу колдонуу маселелери боюнча да сөз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Комиссия мүчөлөрү чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы жолугушуусун талкууга алышты. Жолугушуу май айынын аягында Бишкекте өтмөкчү.