Украина: "Донецк жана Горловка облустарында бир да шайлоо участкасы ачылбады"

"Донецк жана Горловка облустарында бир да шайлоо участкасы ачылбады". Мындай маалыматты бүгүн, 25-майда Украинанын шайлоо комитети билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мындан сырткары "Еспресо.TV" телеканалы Луганск облусунда Сватово жана Беловодск аймактарында гана шайлоо өтүп жатканын маалымдаган.

Украинанын ИИМинин башчысы Арсен Аваков бүгүн "Фейсбуктагы" жеке баракчасына «Донецк жана Луганск облустарында шайлоо участкалары ачылып, эл добуш берүүдө. Шайлоо эч кандай үзгүлтүккө учураган жок” деп билдирген.

Ал эми Донецк облусунун жеке сайтында 2430 участканын 308и гана иштеп жаткандыгы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан