Украина: Донецкте президенттик шайлоого каршы 2 миң киши митингге чыкты

Бүгүн, 25-майда "Донецк Элдик Республикасынын" Ленин аянтында Украинада өтүп жаткан президенттик шайлоого каршы 2 миң адам митингге чыкты. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жарыялады.

Акцияны милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда. Күч түзүмдөрү шаардын негизги көчөлөрүн жапты. Аянтта беш КамАЗ жана БТР менен куралданган адамдар Орусиянын, "Донецк Элдик Республикасынын" жана Түштүк Осетиянын желектерин көтөрүп турушат. Белгилүү болгондой, куралданган адамдар Донецктеги “Юнион” телеканалын басып алышты. Алар телеканалдын жетекчисинен маалыматтык саясатын өзгөртүүнү талап кылышууда.

Эскерте кетсек, бүгүн Украинада президенттик шайлоо өтүүдө. Ал эми Донецк жана Луганск шайлоого катышпай тургандыктарын билдиришкен. Бирок облус администрациясы 308 шайлоо участкасы иштеп жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан