Жылнаама, 26-май: Мындан 11 жыл мурун Түркиянын Мачка шаарына жакын жерде Як-42 учагы кыйрап, 75 адам мерт болгон

* Мындан 158 жыл мурун, 1856-жылы таанымал саякатчы Чокан Валиханов Ысык-Көл өрөөнүндө жашаган манасчыдан "Манас" эпосунун үзүндүсүн жазып алган. Чокан Валиханов жазган "Манас" эпосу бүгүнкү күндө өзүнчө оригиналдуу вариант эсептелинип, ал эпостун алгачкы кол жазмаларынан деп саналат. 
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы Түркиянын Мачка шаарына жакын жерде Як-42 учагы кыйроого учураган. Учактын 13 экипаж мүчөсү жана 62 испаниялык аскер кызматкери набыт болгон. 
* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы Москвада кыргыз искусствосунун I декадасы башталган. Декадага республиканын театралдык-музыкалык топтору менен өздүк көркөм чыгармачылык өкүлдөрү тартылышып, ал москвалык көрүүчүлөргө зор таасир калтырган. Кыргыз искусство чеберлери тартуулаган чыгармаларды 30 миң чамалуу советтик адам көргөн. 
26-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан