Бүгүн, 25-майда Украинада өткөн президенттик шайлоо аяктап, күркөлөр жабылды. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, миллиардер Пётр Порошенко лидерлик кылууда.
Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, ал шайлоонун жүрүшүндө биринчилерден болуп жалпы шайлоочулардын 57,31 пайыз добушун жыйнай алды.
Ал эми экинчи катарда анын атаандашы, “Батькивщин” партиясынан ат салышып жаткан өлкөнүн экс-премьери Юлия Тимошенко келүүдө. Ал 12,39 пайыз добуш ала алды. Шайлоого жалпы 18 талапкер ат салышты.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болот.