2013-жылы Кыргызстанда паспорт даярдап берүүчү 50 борбор ачылат

"Быйылкы жылы Кыргызстанда 50 калкты тейлөө борборлору ачылат" деп билдирди бүгүн, 11-январда КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев. "2013-жылы "Кыргызпочтасынын" базасынын алкагында 50 калкты тейлөө борборлорун ачуу тууралуу өкмөттө чечим кабыл алынды. Бул ар бир жаранга паспорт алуу маселесинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт",- деди Сарпашев. Ошондой эле мындай тейлөө борборлору учурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында иштеп жатканын айтты вице-премьер-министр.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан