Кечээ, 25-майда Украинада президенттик шайлоого удаа эле өлкөнүн борбор калаасы Киевдин жана бир катар шаарлардын мэрлерин тандоо болуп өттү.
Миллиардер Пётр Порошенко (президенттик шайлоодо топтогон добушу боюнча алдыда келе жаткан талапкер) Киевдин мэрин шайлоодо “Удар” партиясынын лидери Виталий Кличко жеңишти камсыздай алганын билдирди.
Порошенко Украинанын телеканалдарына түз эфирден маек берип жатып: “Бизде ички изилдөөлөр бар. Киевде да эми өзүнүн мэри бар жана ал Виталий Кличко”,- деп айтты. Кличко Киевдин мэри болууга үчүнчү ирет талапкерлигин көрсөттү.