Чүй облусунда мыйзамсыз насыя алуу фактысы аныкталды

Чүй облусунда мыйзамсыз насыя алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 24-майда билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун тургуну товардык насыя алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирме жөнөткөн. Ал кызмат адамдары менен өз ара сүйлөшүү жүргүзүп, 75 тонна буудай көлөмүндөгү мыйзамсыз мамлекеттик товардык насыя алган. Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү документтер жасалма экени аныкталган. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан