Чүй районунда 7 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 25-май күнү саат 18:55 чамасында Чүй районунун Дөң-Арык айылында 2007-жылы туулган Бекжан Жапаров Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Куткаруучулар жана туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок натыйжа чыккан эмес. Бүгүн да издөө иштери улантылат.