Нарын районунда кара өпкө оорусу чыгып, анын айынан 230 кой-эчки өлгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, Кара-Кужур, Эмгек-Талаа айыл аймактарында 2014-жылдын 23-майында кой-эчкилер арасында кара өпкө оорусу чыккан.
Алдын ала маалымат боюнча, Эмгек-Талаа айыл аймагында 173 жана Кара-Кужур айыл аймагында 57 баш кой-эчки аталган оорудан өлгөн. 2014-жылдын 23-майында КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчилигинде жыйын өткөрүлүп, аталган айыл аймактарда эмдөө жүргүзүүгө кошумча 200 миң сом акча бөлүнүп берилди.
Райондук мамлекеттик администрация тарабынан Эмгек-Талаа жана Кара-Кужур айыл аймактарына чектөө коюлду.
Учурда райондук ветеринардык кызматы тарабынан кара өпкө оорусуна каршы вакцинация иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынан 140 миң доза вакцина берилгени белгилүү болду.