Ош облусунда сууга чөгүп кеткен 5 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Маданият айылында 25-май күнү саат 19:00 чамасында Ак-Дөбө каналына 2009-жылы туулган Марат уулу Руслан чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. 26-май күнү саат 05:00 чамасында Русландын жансыз денеси табылды.