Бишкекте уурулукка шектелген жарандар кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жарандар кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлерине Сокулук районунун Каныбек аттуу тургуну кайрылып, жеке ишкананын короосунан белгисиз адамдар курулуш материалдарын уурдап кетишкендигин кабарлаган. Ыкчам издөөнүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Самат, Бактияр жана Бакай аттуу Бишкек шаарынын жашоочулары кармалган. 

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун тургундары болгон Нурсултан жана Азамат аттуу жарандар "Бишкек шаарынын тургунунун үйүнүн кулпусун талкалап уюлдук телефонун уурдап кетишкен" деп шектелишүүдө.

Учурда аталган кылмыштар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан