Өткөн сутка ичинде өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталып, ага 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүйдө 2, Нарында 1, Ошто 1, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы катталган.
Ош шаарынын Достук кичи районунда өрт кырсыгы катталып, жыгач устундуу, темир менен жабылган турак үйдүн 95 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон.