Кара-Суу районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кара-Суу районунда баңгизат таркатуучу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 24-майында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1982-жылы туулган М.Р. аттуу жаран Ош облустук уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Белгилүү болгондой, 2013-жылы М.Р. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынганда 507 грамм героин жана 2 килограмм 100 грамм гашиш табылган. Бирок ал учурда кылмышка шектүү из жашырып кеткен. Мындан соң аталган жаранга издөө жарыяланган болчу.

Учурда кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан