Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесин карайт
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбоорун карайт. Аталган маселе боюнча өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Ашырбек Темирбаев баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна өкмөт өкүлдөрү жооп беришмекчи. Комитеттердин кароосунан кийин Кыргызстандын аталган биримдикке кирүү маселеси жалпы жыйынга чыгарылат.