Баткендин Сох анклавы менен чектеш айылдарында 1 литр бензиндин баасы 150 сомго жетти

Баткенде Сох анклавы менен чектеш кыргыз айылдарынын тургундары бензиндин баасын арзандатууну талап кылышууда. Учурда аталган аймакта 1 литр бензиндин баасы 150 сомго чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирди. Өкмөттүн облустагы өкүлү менен жолугушууда Чарбак айылынын жашоочулары Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары өрүк бактарын кыйып кетип жаткандарын, көмүрдүн тоннасын 25 000 сомдон сатып жаткандыгын билдиришкен. “Элдин кыжыры келип жатат, өкмөттүн өкүлүнөн бул маселеге көмөктөшүүсүн суранууда. Эгер абал турукташпаса, жазында дагы жаңжал чыгышы мүмкүн”,- деп кошумчалады басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан