“Унааларды уурдап жүргөн” деген шек менен эки жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 26 жаштагы Жолдошбек аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу милиция бөлүмүнө кайрылып, Фольксваген Гольф унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин кабарлаган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Даулет жана 20 жаштагы Тимур кармалган. Тергөө учурунда шектүү жарандар мурда катталган Ауди 100 жана дагы бир Фольксваген Гольф унааларынын уурдалышына да катыштыгы бар экендиги ачыкталган.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөөлөр уланууда.