Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Жарандык абалдын актыларын жана калкты каттоого алуу департаментинин башкы адиси жарандыгы жок адамдын кыргыз жарандыгын алуу боюнча маселесин тезирээк чечүү үчүн акча талап кылган. Жыйынтыгында аталган мекеменин башкы адиси 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган окуя боюнча “кызмат абалын пайдалануу менен жасалган алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chalkan
2014-05-26 10:42:41
уй мулкун комфискациялоо менен камаш керек, ансыз коррупция жоюлбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан