Чоң Чүй каналына жеңил унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй районунун Дөң-Арык айылында 25-май күнү саат 08:00 чамасында Чоң Чүй каналына Субару Легаси унаасы түшүп кеткен. Ал жерге куткаруучулар барышып, унаа 11:35те суудан чыгарылган. Унаанын ээси Жеңиш Бейшекеев райондук милиция кызматкерлерине унаасынын уурдалып кеткендиги боюнча кайрылган.