Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасы 181 пункттан турат. Муну парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, жол картасы өлкөнүн аталган биримдикке кирүүсүн билдирбейт.
“Жол картасы – биздин мыйзамдык актыларды Бажы биримдигине шайкеш келтирүүчү алгоритм. Биримдикте жалпы 110дой документ бар, ошого мыйзамдык базабызды шайкеш келтиришибиз керек. Жол картасы 181 пункттан турат, 90го жакын мыйзамды карап чыгышыбыз шарт. Бул процесстеги эң башкы нерсе - Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча келишим. Муну, албетте, Жогорку Кеңеш менен бирге карайбыз”,- деди Сариев.
Айта кетсек, аталган комитетте бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбоору каралууда.