Темир Сариев: "Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна каршы келбейт"  

“Айрым адамдар “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна каршы келет” деп жатышат. Мен айтып коёюн, эч кандай карама-каршылыктар болбойт”,- деп билдирди экономика министри Темир Сариев. Мындай пикирин министр бүгүн, 26-майда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси каралып жатканда айтты.

Айтымында, Кыргызстан башка мамлекеттер сыяктуу эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан сырткары Бажы биримдигине мүчө болууга акылуу. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге толук акылуу. Бирок кандайдыр бир маселелер болсо, биз аны сүйлөшүү аркылуу чечишибиз керек”,- деди Сариев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан