КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалициясынын лидери болду. Мындай чечим КСДП, “Ата Мекен” жана “Замандаш-Современник” фракциялары курамына кирген көпчүлүк коалициясынын кезектеги отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык кеңештин расмий сайты кабарлайт.
Маалым болгондой, мурунку лидер Аманбай Кайыповдун өткөн жылдын декабрь айында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалуусу менен бул орун бош калган.