Бишкекте "Айчүрөк" соода борборунан кийим уурдаган" деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте “Айчүрөк” соода борборунан уурулук кылган" деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарынын Канат аттуу тургуну милиция бөлүмүнө кайрылып, “Айчүрөк” соода борборундагы бутиктен белгисиз адам 31 200 сомго бааланган кийимдерди уурдап кеткендигин кабарлаган. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Руслан аттуу жаран кармалган.

Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери улантылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан