Канн кинофестивалында "Алтын пальма бутагы" түрк тасмасына ыйгарылды (фоторепортаж)

Кечээ, 25-майда Канн кинофестивалынын жабылыш аземи болуп өттү. Анда эң мыкты тасма, актёр, актриса, режиссёр, сценарий тандалып, аларга сыйлыктар тапшырылды. Албетте, жабылыш аземи да кино жылдыздарынын кызыл килемден өтүүсү жана алардын бийи менен коштолду.

Сыйлыктарга токтолсок, бул жылы баш байгени - "Алтын пальма бутагы" сыйлыгын Түркия өлкөсү, тагыраак айтканда, режиссёр Нури Бильге Жейландын "Кышкы уйку" ("Зимняя спячка") тасмасы илип кетти. Ага бул баалуу сыйлыкты актриса Ума Турман жана режиссёр Квентин Тарантино тапшырды. Кинофестивалдын башынан тарта сын-пикирлерге кабылып, баш байгеге талапкер болуп келе жаткан Андрей Звягинцевдин «Левиафан» тасмасы "Мыкты сценарий" наамына арзыды.  

Ал эми бул жолу "Мыкты актёр" наамына «Уильям Тернер» тасмасындагы ролу үчүн британиялык актёр Тимоти Сполл, "Мыкты актриса" наамына "Жылдыздуу карта" тасмасында жараткан ролу үчүн актриса Жулианна Мур ээ болду.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан