Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары Астанада бирдиктүү экономикалык союз түзүү маселесин карайт. Муну ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, аталган жолугушуу 29-майда өтөт.
“Кыргызстан 2 биримдикке кирүүгө арыз берди, алар: Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак”,- деди министр.
Айта кетсек, аталган комитет бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбоорун эске алуу чечимин кабыл алды.