Баланы тарбиялоо жана окутуу милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылышат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы таратты.
Бүгүнкү күндө коомдогу жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштардын санын азайтууга ата-энелер түздөн-түз катышууга тийиш. Өз кезегинде Бишкек ШИИББинин жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясы мектеп, лицей жана колледждердин тарбиялануучуларынын коомдук тартипти бузууларынын алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө.
Буга катар эле Бишкек ШИИББи баланы тарбиялоо жана окутуу милдеттерин аткарбаган учурда ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертет.