26-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 212 миллион метр кубду түздү 

26-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 212 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу сактагычка кошулган суунун агымы секундасына 394 метр кубду түзсө, суунун агып чыгуусу секундасына 277 метр кубду түзүүдө.

2013-жылдын 26-майына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 533 миллион метр кубду түзгөн. Ал эми агып кирген суунун көлөмү секундасына 663 метр куб болсо, агып чыккан суунун көлөмү секундасына 203 метр кубду түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан