Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-май күнү Бишкекте Тойота Камри жана Ниссан Санни унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам жабыркаган. Алардын арасында 5 жаштагы бала да бар. Учурда жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Жол кырсыгы боюнча материалдар Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан