Каныбек Иманалиев: "Бажы биримдигине кирүү - Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө кол салуу" деген туура эмес"

"Бажы биримдигине кирүү - Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө кол салуу" деген туура эмес. Муну ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Депутат Казакстан менен Беларусту мисал келтирди. “Аларда мындай нерсе жок. Бажы биримдигине кирүүдө биздин конституциялык мыйзамдарыбызга өзгөртүү киргизүү каралбайт. Бизге жаңы рынок ачылганы жатат”,- деген депутат биримдикке киргенден кийинки баалардын кымбаттай турганын айтып, өкмөт андагы тобокелдиктерди азайтышы керектигин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан