Бишкекте 24-май күнү мектеп окуучуларынын башкаруусундагы 6 унаа айып жайга токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 24-май күнү Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан мектептердин жанында атайын Акыркы коңгуроо аземине карата күчөтүлгөн тартипте жол эрежелерин сактоо чаралары жүргөн. Жыйынтыгында Бишкек шаарында мектеп окуучулары башкарып бара жаткан 6 автоунаа айып жайга киргизилип, мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол эрежесинин сакталбагандыгы тууралуу фактылардын негизинде 20 протокол түзүлгөн.