Темир Сариев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши үчүн 377 миллион доллар керектелерин айтты  

“Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн 377 миллион доллар каражат керектелет”,- деп билдирди экономика министри Темир Сариев бүгүн, 26-майда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында. 

“Кыргызстандын бюджети аз болгондуктан, техникалык жана каржылык маселелерди чечүү үчүн Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө кайрылдык. Ал каражаттар, Бажы биримдигинин талабына ылайык, бажы постторун орнотуу, Салык кызматы, Бажы кызматы жана Улуттук статистикалык комитетти автоматташтырууга жана лабораториялардын курулушуна жумшалат”,- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан