Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 25 миллион долларлык каржылык макулдашуунун долбоорун колдоду. Мындай чечим комитеттин 26-майдагы жыйынында кабыл алынды. Каржы министри Ольга Лаврова каражаттын 13,8 миллион доллары насыя, калганы грант түрүндө бериле турганын айтты. Жылдык үстөгү 0,75 пайыз менен 40 жылга бериле турганы айтылды.