“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен Чаткалга биринчи жолу атайын көчмө техникалык сервис уюштурулду. Бул тууралуу аталган партиядан бүгүн, 26-майда кабарлашты.
"Чаткал районуна акыркы 25 жыл ичинде ичинде биринчи жолу көчмө техникалык тейлөө барып, элет дыйкандарын жеңилдиктер менен камсыз кылууда. Аталган районго жаз кеч келет, тоолуу жер болгондуктан, жазгы талаа иштери да кеч башталат. Райондо дыйкандардын эгинин сээп, данын жыйнаган техникалардын жетишсиздиги да көйгөйлүү маселелердин бири болуп келет" деп айтылат маалыматта.
Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын жашоочусу Осмонаалы Жороев: «Айыл чарбасын реформалоого бел байлаган эл өкүлү Бакыт Төрөбаев көп жылдардан бери көңүл бурулбай жаткан Чаткалдын жерлерин айдоо үчүн көчмө техникалык сервисти уюштуруп, бизге тракторлорду, шаймандарды жөнөткөн экен. Алар келери менен Чаткалдын Курулуш айылынан бери карай дыйкандардын жерлерин бат жана сапаттуу айдап, малалап, сээп берип келишти.
Айрыкча дыйкандарыбызга кызмат көрсөтүүнүн кыйла арзан экендиги жакты. Мисалы, 1 гектар жерди айдап, колго сээп, анан малалатышыбыз 4,5-5 миң сомдун тегерегинде болуп келсе, мына бул техникалык сервистин тракторлору 3700 сомго айдап, малалап жана заманбап шайман менен сээп берип жатышты»,- деди.
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы тарабынан 10 машина-трактордук станция (МТС) учурда Кыргызстандын булуң-бурчтарында элге ак дилинен кызмат кылууда. МТСтерди уюштуруу - саясий уюмдун айыл чарбалык стратегиясынын бир олуттуу багыты. Эки жыл ичинде Кыргызстандын аймактарында 20 миңден ашуун үй-бүлө арзан жана сапаттуу жер иштетүү кызматтарын пайдаланышты жана жыйынтыгында 50 миллион сом акча каражатын үнөмдөп калышты. Дагы бир маанилүү жагдай, мурунтан иштетилбей калган жерлер иштетилип, өз ээлерине түшүм бере баштады.