Түркияда 2014-жылдын 11-апрелинен тартып күчүнө кирген "Чет өлкөлүктөр жана эл аралык коргонуу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Ага ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тартып Түркияга бара жаткан чет өлкөлүк жарандын паспортунун мөөнөтү визада
көрсөтүлгөн убакыттан 60 күн кем болбошу керек. Келерки жылдын
1-январынан тарта паспортунун аяктаар мөөнөтү 60 күндөн кем болгондор
Түркияга кире албайт.
2014-жылдын 27-апрелинен тартып аталган өлкөгө кирген чет өлкөлүктөр 31-декабрга чейин жашоого, Түркиянын аймагында жүрүүгө уруксат ала алышат. Тышкы иштер министрлиги бул өлкөгө бара турган жарандарга паспортунун жарактуу мөөнөтүн узартуу керектигин эскертти.