Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөгө баруучу жарандарга кайрылып, Сауд Арабиясынан тараган оор илдеттен адамдар каза таап жатканын эскертүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир нече ай аралыгында “MERS” деген аталыштагы вирустун айынан эки адам каза тапкан. Сасык тумоого окшош бул ооруга чалдыккандардын 50 пайызы өлүмгө дуушар болууда. Аталган вирус Арабия жарым аралында жашаган төөлөрдөн тарап жатат. Алгач бул вирус Бириккен Араб Эмирликтерине коңшу жайгашкан Сауд Арабиясында 2012-жылы аныкталган. Ооруган 473 кишинин ичинен 133ү каза тапкан. Ага чалдыккандар Франция, Германия, Иордания, Катар, Улуу Британия, Италия, Египет, Ливан жана АКШда катталууда. Учурда аталган вируска каршы вакцина жок экенин дарыгерлер айтышууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөлөргө кетип жаткан жарандарды этият болууга, тиешелүү мекемелерден так маалымат алууга чакырып, айрыкча сафариге барууну каалагандар төөлөрдөн алыс болушу керектигин эскертти.