"Кудайберген" базарынын жетекчилигинен пара алгандыгы үчүн Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды

"Кудайберген" базарынын жетекчилигинен пара алгандыгы үчүн Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, "Кудайберген" базарынан чыгып келе жаткан маалда Монополияга каршы агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяровдун башкарууундагы мамлекеттик номери жок Мерседес унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында аталган агенттиктин кызматкеринин жанынан атайын белги коюлган 300 миң сом табылган. Белгилүү болгондой, акчаны Н.Кудаяров базардын жетекчилигинен талап кылып, алып кетип жаткан. Кармоо учурунда Н.Кудояров качууга аракет кылган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, окуя боюнча иш козголду.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкеринин пара алгандыгы боюнча аудиожазуу
Пара алгандыгы үчүн Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Stalker-007
2014-05-26 14:44:18
АША келип уурулардын куйругу узуло баштады. АША келбесе кимдер эмне уурдап жатканын билбей журо бермек экенбиз да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан