"Донецк Элдик Республикасынын" өкмөтүнүн убактылуу премьер-министри Денис Пушилин Донецк аймагына аскердик абал киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда чет элдик ММКлар жарыялашты. Пушилин Орусиянын телеканалдарына түз эфирден маек берүүдө “биздин жакынкы максат - Донецк аймагын жат аскерлерден тазалоо” деп билдирген.
Буга чейин Украинанын биринчи вице-премьери Виталий Ярема Киев бийлиги Украинанын чыгыш аймагындагы аскердик операциясын кайрадан баштаганын айткан.