“Республиканын медициналык окуу жайында бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчү 2 жыл ичинде мамлекеттик кызматты өтөөгө тийиш”,- деди бүгүн, 26-майда маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева.
Анын айтымында, эгер бүтүрүүчү керектүү убакыттын ичинде министрлик жөнөткөн жайга барып иштебесе, ал ага бөлүнгөн акча каражатты кайтарууга милдеттүү болот. “Жыл сайын 2500гө чукул медициналык кызматкер даярдалып чыкса, алардын 250сү бюджеттик негизде окуп бүтүргөндөр болот. Аларды аймактарга же "Тез жардам" кызматына иштөөгө жөнөтөбүз. Тилекке каршы, 2013-жылы алардын 57 пайызы биз жөнөткөн жакка барып иштебей коюшкан”,- деди министр.