Ош шаарында мектепке даярдоо боюнча 240 сааттык программанын алкагында 2267 окуучу билим алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоодо балдардын саны такталып, 53 мектептин ичинен 44 мектепте даярдоо класстары ачылып, окуучулар 85 класска бөлүштүрүлгөн. Алардын сабактары бир чейрекке созулду. 3-мартта башталган окуу 23-майда жыйынтыкталды.