Жайыл районунда мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 23-май күнү саат 19:00 чамасында Алексеевка айылында 52 жаштагы Д.Сергейдин үйү милиция кызматкерлери тарабынан кароого алынган. Анын натыйжасында үй ичинен 840 грамм баңгизат алынган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.