Бүгүн, 26-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында 26-Июнь - Бүткүл дүйнөлүк баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата жыйын өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэр Ильич Эргешов, КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Гулам Анарбаев катышты.
Анда шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев массалык маалымат каражаттарынан баңгизатка каршы күрөшүүдө коомчулукка көмөк көрсөтүүсүн сурап, биргеликте иш алып баруу керектигин, антпесе башка аймактарга салыштырмалуу Ош шаарында баңгизатын колдонгондор көбөйүп бара жатканын айтып өттү.