Токмокто өспүрүм баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды

Токмокто өспүрүм баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 22-май күнү саат 20:40 чамасында мотоциклдин айдоочусу жол жээгинде турган өспүрүм баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул боюнча издөө аракеттери жүрүп, учурда аталган жол кырсыгына шектүү катары 22 жаштагы айдоочу кармалды. Анын айтымында, кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан коркуп, кырсык болгон жерден качып кеткен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан