"КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин тууганы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы кызматына мыйзамдуу дайындалган",- деп айтты бүгүн, 26-майда маалымат жыйынында аталган министрликтин башчысы
Динара Сагынбаева.Анын айтымында, премьер-министрдин тууганы КРнын Президентинин аппаратында иштегендиктен, ал мыйзамдуу түрдө аталган бөлүмдүн башчысы кызматына сынаксыз дайындалган. "Мен көп жылдан бери министрликте иштегендиктен, лицензиялоо системин жакшы билем. Ошондуктан мен министр кызматына дайындалганымдан кийин ушул бөлүмдү өзгөчө көзөмөлдөөгө алып, анда коррупцияны жоюу максатында иш-аракеттерди жүргүзүүнү баштагам. Бөлүмгө жаңы кызматкерлер жана жетекчилер келген. Анын башчысы ишеничиме ээ болгон. Бирок ден соолугунун начарлаганынан ал февраль айында өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө мажбур болгон",- деди министр.
"Андан соң анын ордуна башка адамды иштете баштаганбыз. Албетте, бизге коррупцияга булганбаган, медицина тармагын мыкты билген башчы керек болчу. Жаңы дайындалган бөлүмдүн башчысы бир гана президенттин аппаратында эмес, бир топ медициналык мекемелерде да иштеп келген",- деди Сагынбаева.