Бишкекте кафе-ресторандарда коюлган музыкалардын шаардыктарга тоскоолдук жаратышы текшерилүүдө

Бишкекте кафе-ресторандарда коюлган музыкалардын шаардыктарга тоскоолдук жаратышы текшерилүүдө. Муну бүгүн, 26-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 22-майдагы 2 сааттык текшерүүдө 5 эреже бузуу фактысынын бети ачылды. Башкача айтканда, 5 кафеде коюлган музыканын бийиктиги түнкүсүн жашоочуларга тоскоолдук жаратары белгилүү болду. Текшерүү саат 22:00дөн 00:00гө чейин жүргөн. Фактылар боюнча атайын протокол түзүлүп, чара көрүү боюнча райондук администрацияларга берилгенин билдирет мэрия. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан