УКМК "Дастан" ишканасындагы мыйзам бузуу иштерине байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди

Кыргызстандагы "Дастан" ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу иштери белгилүү болгонун УКМК маалымдады. Белгилүү болгондой, 2010-жылы аталган ишкана менен орусиялык "Сириус" ишканасы келишим түзүп, келишимде аталган орусиялык ишкана "Дастан" ишканасына 264 миң долларлык атайын жабдыктарды алып келмей болгон. Аталган сумма "Сириус" ишканасынын эсебине которулуп, бирок ушул күнгө чейин ал жабдыктарды жиберген эмес. "Дастан" ишканасынын жетекчилиги жабдыктардын эмне себептен кечигип жатканын иликтеп, бирок жыйынтык чыкпаган. Атайын жөнөтүлгөн катка аталган орусиялык ишкана тарабынан каттын туура эмес дарекке жиберилгендиги тууралуу жооп келген. УКМК орусиялык атайын кызматтар менен кызматташып, ири суммадагы акча каражаттарына байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. УКМК "Дастан" ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин окуяга катыштыгы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан