Пара талап кылгандыгы үчүн бажы кызматкери кармалды

Пара талап кылгандыгы үчүн Бажы кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын март айынын ортосунда милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда “Түндүк” темир жол бажысынын кызматкери 800 доллар пара талап кылгандыгы маалым болгон. Бул факты боюнча Транспорт прокуратурасы “пара талап кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү кармалды. Ал бажы көзөмөлүнөн өткөндүгү боюнча жасалма акт түзүп, пара алып, радиациялык нурлануусу жогору унааны өткөрүп жиберген. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан