Жаңы конуштардагы ээси белгисиз мыйзамсыз курулуштар бузулмакчы

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинде бүгүн, 26-майда “КРнын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам боюнча, ээси аныкталбаган учурда мыйзамсыз салынган курулушту бузууга уруксат берилет. “Жаңы конуштардагы курулуш ээлеринин көпчүлүгүнүн өздүгүн көп жылдан кийин тастыктоо мүмкүн эмес. Сот дагы бул маселени карап, мыйзамсыз курулушту бузууга чечим чыгарып бере албайт”,- дейт депутат Ыргал Кадыралиева.   

Мыйзам долбоору комитетте биринчи окууда колдоо тапты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан